БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 1-2-сентябрда Бишкек шаарындагы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүндө, ошондой эле Кустанай көчөсү жана Астрахань көчөсүнүн батыш тарабынан Белгород көчөсүнө чейин газ өчөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Мындай өчүрүүлөр оңдоо иштеринен улам жасалып жатканын компаниядан баса белгилешти.