БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков каза болду. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, экс-депутат Ысык-Көлдөгү үйүнөн дүйнө салган.
"Эртең мененки уйкусунан ойгонбой калыптыр", — деди Текебаев.
Алымбеков 1961-жылы Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жарыкка келген.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбековдун өмүр баянын Sputnik таржымалынан окуңуз>>