БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташып бараткан SCANIA унаасы аласалып, сегиз тонна бензин төгүлүп калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда окуя 28-август күнү саат 15.15 чамасында болгон.
"Кырсыктан улам төрт бөлүктөн турган цистернанын бирөө тешилип АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү май төгүлүп калды", — деп айтылат маалыматта.
№94 куткаруучу бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан айдоочуга биринчи жардам көрсөтүлгөн. Учурда анын абалы жакшы.