БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ош шаарында "Увам" каналына агып кеткен эки жаштагы баланын жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык мындан үч күн мурун, 22-августта саат 10.30да болгон. Ошол эле күнү издөө иштерине чыккан куткаруучулар наристенин сөөгүн кечээ, 24-август күнү кечинде Ош облустук ооруканасынын жанынан табышкан.
Баланын жансыз денеси Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.