00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулуулар сынагына аттанган 41 жаштагы таене

Жазылуу
Бүгүн күнгө жума. Жүрөккө жарык сезим уялап, иш жумабызды ийгиликтүү соңуна чыгаралы.

— Конституциянын кайсыл беренелерин өзгөртүп жатышат? 

— Эмне? Берене? Берене-меренеңди билбейм ай, күзүндө мал аман келсе болду…

Карпайым калктан сурай келсек так ушинтип жооп берери бышык. Ал эми бийликте отургандар эт-бетинен кетип, устукан талаш менен алек. Көп жылдан бери саясатта жүрүп, көө-өп нерсени билет деген Өмүкенин Конституция боюнча айткандарына көз салып коюңуз.

Ал эми депутаттар жең ичинен сүйлөшкүчө, Мирбек Атабеков өздүк майрамын белгиледи. Туулган күн кут болсун! Мирбек 9-классынан тартып эле кафеде ырдап, бош жүрбөстөн сынактарга катышып жүргөн тура. Сүйүктүү ырчыңыздын сырларын бул жактан табасыз.

Сулуулар сынагы? Дагыбы? Түшүнбөйм ай, түшүнөн чочуганы эле сулуулар сынагын өткөрө береби?.. Моделдердин сынагына 18 жаштагы Бегимай Карыбекова барса, "Аалам айымы-2016" сынагында Кыргызстандын атынан Наргиза Осмонова катышат экен. Баса, ал бир неберенин таенеси. 

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОлимпиада учурундагы күлкүлүү сүрөттөр
Олимпиада-2016. Синхронные прыжки в воду. Женщины. Трамплин — 3 метра - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада учурундагы күлкүлүү сүрөттөр

Баарыбыз эле ичкен ашты кое калып, Олимпиаданы көрүп жаткан чагыбыз. Анткен менен күлкүлүү учурларды көрүүгө мүмкүнчүлүк күндө эле боло бербейт. Ушунун баарын эске алып, назарыңыздарга бир жылмайткан сүрөттөрдү сунуштайбыз

Кыргыз-казак акындары кыл чайнашат. Эх, ушул күн батыраак келсе экен. Айтыш күйөрмандарынын кулагына күмүш сырга. Буга чейин Филармонияда өткөн кыргыз-казак акындарынын бүйүр кызыткан айтышын унута элек болсоңуз керек. Буюрса алардын айтышы Кырчын жайлоосунда уланмай болду.

Боордошторубузду боорубузга катабыз. Кыргыз өкмөтү Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көсөтөт. Азыр эмес эми, күзгө жуук. Бул максат үчүн кыргыз өкмөтү 10 миллион сом бөлдү. Учурда Улуу жана Кичи Памирде 1500дөй этникалык кыргыз жашайт. 

Бүгүн буюрса күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековРио Олимпиадасынан коло медаль алган оор атлетчи Иззат Артыков
Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас из Рио - Sputnik Кыргызстан
Рио Олимпиадасынан коло медаль алган оор атлетчи Иззат Артыков

Ии баса, биздин баатыр Иззат Артыков "Манас" аэропортуна конду. Балбанды тосуп алуу үчүн калың топ күйөрмандардын атынан биздин Расул байкебиз кеткен. Алакан кыса куттуктап жатса керек.

Валюта баасы. Бүгүн бир доллар 68.84 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39 сом болуп кымбаттады. Ал эми Аи-92 үлгүсүндөгү май 36 сом, ал эми дизель майы дээрлик эки сомго кымбаттап 32 сомду түздү.

Соңку сөз ордуна. Жакшы ниет, жарым ырыс

Ой-тилектердин кабыл болушун каалап, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0