БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өткөн дем алыш күндөрү Жер ортолук деңиз аркылуу Европа жээктерине жетүү үчүн бара жаткан кырк төрт качкын жана мигрант каза тапты. Бул туурасында Миграция боюнча эл аралык уюм кабарлагандыгын РИА Новости жазды.
Аталган уюмдун 8-августка карата алынган маалыматтарына караганда, Жер ортолук деңизде 3176 мигрант жана качкындар каза таап же белгисиз болгон. Бул өткөн жумага караганда 44 адамга көп. Аталган деңизде 2016-жылы каза болуп же белгисиз жоголгондордун саны сегиз айга караганда үч, 2014-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
Мигрант жана бозгундардын саны дем алыш күндөрү Сицилия куймасынан куткарылган 1241 кишини кошкондо, быйыл 263 миң 636 адамды түзгөн.