БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектин Элебесов көчөсүндөгү Кара жыгач токоюнун паркында "Токой мектеби" уюштурула турганын шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 10.00дө баштала турган иш-чарага мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, студенттер жана бардык китеп сүйүүчүлөр катыша алат.
"Иш-чара маданий жана билим берүү деңгээлди жогорулатуу, китеп маданиятын жайылтуу жана жайкы каникул учурунда мектеп окуучуларын эс алдыруу максатын көздөйт", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүрөт сынагы, стол оюндары, китептерди оңдоп-түзөө боюнча мастер-класстар, оригами, география жана химия боюнча кызыктуу сабактар менен коштолуучу "Токой мектеби" Борборлоштурулган китепкана тармагы тарабынан уюштурулуп жатат.