БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 57-чакырымында үч унаа кагышып, бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-август күнү таңкы саат 05:00дө болгон.
"Кырсык кесепетинен бир адам каза болгон. Мындан сырктары, төрт адам оор жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар каза болгон жарандын денесин унаадан чыгарып, ИИМге өткөрүп беришкен. Ал эми жабырлануучулар ооруканага жеткирилишти.