"Мыскал эже" тасмасы Санкт-Петербургдагы кинофестивалга чакырылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары, Россия. Архив
Санкт-Петербург шаары, Россия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма бир жыл мурун айтылуу ырчы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесин утурлай тартылган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун "Мыскал эже" даректүү тасмасы Санкт-Петербург шаарында өтө турган "Адамга кайрылуу" ("Послание человеку") фестивалына чакыруу алды. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүүчү фестиваль күз айларына белгиленген. Мында КМШ мамлекеттеринин заманбап даректүү тасмасы тууралуу талкуу жүрүп, анын алкагында документалдык фильмдер көрсөтүлмөкчү. 

"Кыргызстандык тасма фестивалдын дал ушул бөлүмүндө тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

"Мыскал эже" тасмасы 2015-жылы "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан тартылып, айтылуу Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0