БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Шотландиянын Инверури шаарындагы ресторандардын биринде тамактанган англиялык киши аз жерден бир миллион фунтунан айрылып кала жаздаганын The Mirror басылмасы жазып чыкты.
Ал достору менен тамак ичип, келген эсепти карта менен төлөөнү чечкен. Ичкен тамагынын баасы 100 фунт болгон. Бирок кассалык аппараттан мүчүлүштүк кетип, 100 фунттун ордуна миллион фунт төлөп алган.
Ресторандын ээси дароо банкка чалып, катачылык кеткенин айткандан кийин төлөм жокко чыгарылган да миллион фунт стерлинг ээсине кайтарылган.