БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдындагы жаңы асфальтты аскер техникасы менен текшеришкенин Башкы штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында аскер техникасынын катышуусунда аскердик парад өтөт.
"Бизге жол кызматынан кайрылышып, жаңы төшөлгөн асфальтты сынап көрүүнү суранышкан. Ал жактагы асфальт менен "Ала-Тоо" аянтындагы асфальт бирдей. Ошондуктан биз салмагы 15 тонна болгон артиллериялык жабдууларды алып келдик", — деп Башкы штабдан билдиришти.
Алынган жыйынтыктарды жол кызматы иликтеп жатат.