БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк II көчмөндөр оюндарында коопсуздукту сактоого төрт миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери тартылат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда билдиргендигин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штабдын отурумун вице-премьер Жеңиш Разаков өткөргөн. Жыйынга укук коргоо органдарынын жетекчилери, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышкан.
"Коопсуздукту сактоого төрт миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери тартылып, эки миңден ашуун автотранспорт каражаттары пайдаланылат", — деп билдирген министр Жунушалиев.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.