БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкектин "Жал" кичи районунун жогорку бөлүгүндө курулуп жаткан кыргыз-кытай мектебинде өрт чыкканын ӨКМ билдирди.
Маалымат саат 12:27де келип түшкөн.
"Имараттын биринчи кабатында өрт чыгып, ал 140 чакырым жерге жайылган. Андан курулуш материалдары күйүп кеткен. Окуядан жабыркагандар болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Саат 13:16да тилсиз жоонун очогу чектелди. Учурда өрттү толук кандуу өчүрүү иштери улантылууда.