БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында "Өрүк fest-2016" фестивалы өткөнүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык иш-чара 23-июлда болгон.
"Бул Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп жаткан биринчи өрүк фестивалы. Анын максаты Жети-Өгүз районунда өскөн жер-жемишти таанытуу жана аны өнүктүрүү үчүн тыштан инвестиция тартуу болуп саналат. Район аймагында өстүрүлгөн өрүктүн көбү Казакстан менен Россияга сатылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Фестивалдын уюштуруучусу Эмилбек Кубанычбеков бир гана Тосор айылынан Казакстан менен Россияга 76 фура өрүк жөнөтүлөрүн, алардын ар бири 20 тоннадан экенин кошумчалады.
Өрүк фестивалына Баткен жана Жалал-Абаддык дыйкандар да катышкан. Анда өрүктөн жасалган тамак-аштын көргөзмөсү өтүп, ошондой эле косметикалык каражаттар — самын, крем, скраб жана шампунь дагы элдин назарына сунушталган.
Бул фестиваль Жети-Өгүз райондук администрациясы, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, КР Айыл чарба министрлиги, Ысык-Көл облусундагы Жаш ишкерлер ассоциациясы, "Тосор коому" коомдук уюму тарабынан уюштурулган.