БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кантта аялын ур-токмокко алды деген шек менен 60 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-июль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына Кант шаарынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны күйөөсү себепсиз сабаганын айткан.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары жергиликтүү жашоочу кармалган.
Аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.