00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Октой атылган Валентина Шевченко

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айынын акыркы аптасы башталды. Ысык-Көлгө барганга жетиштиңизби?

Оюндан от чыгып… Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Алтын жай" пансионатында (мурунку "Рохат") мас болуп алган адам скутерди башкара албай эс алуучуларды аралап кетти. Скутерди айдай албаса, мага окшоп отурбай эле койсо болмок. Кудай жалгап, кырсыктан эч ким каза болгон жок. 

Октой атылган Валентина. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко америкалык атаандашы тайбоксчу Холли Холм менен күч сынашып, аны жеңип алды. "Ок" каймана ат алып жүргөн мушкер рингде туруп, "Кыргызстандык бир туугандарга ыраазычылык билдирем" десе, дене боюң дүрт этет экен. Айтмакчы, буга чейин утулуп калган Валентина Нуньести кайра беттешүүгө чакырды.

Алгачкы сүйүүсүн эстеген Динара Акулова. Ал ортодо КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова айылына кат жазып, балдай таттуу балалык күндөрүнөн кеп салды. Ал эми сүйүктүү ырчыңыздын алгачкы сүйүүсү тууралуу билгиңиз келсе сизди бул жактан күтөбүз.

Асыл таштан, акыл жаштан. Вьетнамда өткөн биология боюнча эл аралык олимпиададан Кыргызстандын окуучулары башка өлкөдөн келген 288 баланын арасынан суурулуп чыгып, эки коло медалга ээ болду. 17-24-июль күндөрү Вьетнамдын Ханой шаарында биология боюнча эл аралык олимпиада өтүп, ага 72 мамлекеттен 288 окуучу катышкан.

Кайрымдуулук менен коштолгон жекшемби. Ак дил, боорукер адамдар эки небересин өзү карап калган майып аялга жардам беришти. Буга чейин Sputnik Кыргызстан редакциясы Кайыңды шаарында эки небересин багып жаткан майып таене туурасында сюжет жасаган. Таенеси ден соолугу начардыгын, буту баспай калгандыгын жана алардын киреше булагы жок болгондуктан тамак-аш тартыш экендигин айтып берген.

Бирөөгө зар, бирөөгө кор. Окумуштуулардын эсептөөсүндө америкалыктар бир жыл ичинде 36 миллион тонна азык-түлүктү таштандыга төгүшөт экен. Илимпоздор маселени чечүү үчүн тамак сыртындагы көрсөтүлүүчү даталарды алып коюну сунуштайт. Алардын пикиринде, көпчүлүк азыктарды колдонуу мөөнөтү бүтө электе эле ыргыта берет.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.08 (сатып алуу) жана 67.09 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Дүйнө жаралган дүйшөмбү ийгиликтин башаты болсун. 

Силерге кутман күн каалап, замандашыңар Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0