Динара Акулованын айылга каты. Сагыныч, ээн там жана Аң-Өстөнгө жетелеген сезим

© Фото / CinemArt ProductionКРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова. Архив
КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезектеги айылга катты КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова жазды. Ал балалыгын, жол карап уулунунан кат күткөн энесин эстеп, айылдаштарына саламын жолдоду.

Бул катты жазып жатып энемди, агамдын армияга кеткен учурун жана пионер кездеримди эстедим. Кеп Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылы жана анда өткөн балалыгым туурасында болмокчу. Ал учурларды эстесем кайра айылымда, баягы-ыы кездерде жашап калгым келет.

Кат жазганды жакшы көргөнүм менен энем кары киши болуп, түйшүк үйдө кол арага жараган жалгыз менин мойнума түшүп, убактым жетчү эмес…

Антсе да балалыгымдагы каттарды эстеп көрүүнү туура таптым. 

© Фото / CinemArt ProductionКРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова
Интервью с эстрадной певицой Динарой Акуловой - Sputnik Кыргызстан
КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова

Ааламдын балдары менен кабарлашканда

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун айылга каты. Жайлоодон башталган ортомчулук
Тестиер кезимде башка классташтарым сыяктуу эле дүйнөнүн төрт тарабында жашаган курбалдаш окуучулар менен кат алышаар элем. Башка жактарда окуган балдар-кыздар менен кат аркылуу алардын мектеби, окуган китептери, кыялдары туурасында билүү кызык сезилчү. Мектепте Интернационалдык достор клубу деген ийрим болор эле. Советтер союзунда жашаган окуучулар канчалаган каттарды жазышып турчу. Лагерлерден да досторду таап, Кыргызстандын аймагынын ичинде байма-бай жазышчу элек. Анда телефон менен байланышууга караганда, кат жазышуу кеңири тарап, аралыктагылардын байланышуу куралы апакай барактар менен калем сап болор эле.

Азыркы муунга, окуучулар кат жазуу десе, таңгалычтуу, эскинин белгиси катары сезилсе керек…

Энем күткөн кат, жүрөктү ооруткан ирмемдер

Бул азыр да көкүрөгүмдө аздектелип сактаган учурлардын бири. Ал — менин, тагыраагы энем экөөбүздүн армияга кеткен агама жазган катыбыз болучу. Алгач, энем ага “минтип жазасын, аны сурайсың, мындай кылып тизмектейсиң” деп үйрөткөнү эсимде.

Агам армияга кетип, энем экөөбүз чыдамсыздык менен кабар күтөөр элек. Аскерге узаткан уулдарынан, агаларынан кат күтүү азыр көптөргө тааныш болсо керек. Себеби, мен жогоруда айткандай байланыштын бирден-бир куралы кат алышуу эмес беле. 

© Фото / CinemArt ProductionДинара Акулова: бул азыр да көкүрөгүмдө аздектелип сактаган учурлардын бири. Ал — менин, тагыраагы энем экөөбүздүн армияга кеткен агама жазган катыбыз болучу
Интервью с эстрадной певицой Динарой Акуловой - Sputnik Кыргызстан
Динара Акулова: бул азыр да көкүрөгүмдө аздектелип сактаган учурлардын бири. Ал — менин, тагыраагы энем экөөбүздүн армияга кеткен агама жазган катыбыз болучу

Ошол кездеги энемдин жалгыз уулунан кат күтүп, жолдон почточунун караанын утур-утур караганы эсимден кетпейт

Кызмын да, сезимтал келет эмеспизби, энем көчөгө чыгып калса эле жүрөгүм ооруп “дагы уулунан кат күтүп жатат” деп ойлоно берет элем…

Сезим каттары

Алтынай Нарбаеванын айылына жазган каты. Рафик агайга айтылган салам.
Мектепте балдар кыздарга сезим каттарын жазышат эле. Менимче, мектеп курагындагы балдар-кыздардын эң кызыктуусу ушул болсо керек. Ал сонун, аруу, азыркыга чейин суктантып, тазалыкка жетелеген учурлардан. Себеби, бул чоң дүйнөдөн кабары жок, балалыктын баёо, таза бир мезгилдеринен. Азыр эстесем, бир жылмайып алам. Окуя ошол сезим катынан улам болгон. Мектепте көңүлүмө жаккан бала бар эле. Аны менен кат алышып жүрчүбүз. Бир күнү катыбызды эжей кармап алып, мени кыздардын жыйынына салып… Ал каттын тарыхы көп. Кийин эс тартканда эстеп, жылмайып жүрдүм.

Айылым туурасында

Айылыма тез-тез каттап тургум келгени менен, мен өскөн тамда эч ким жашабагандыктан, шартка байланыштуу бара албай сагынып жүрөм. Энемди ээсине бергенбиз, мени ал жакта күткөн киши жок. Андыктан, тез-тез каттай албайм. Антсе да, ушул кат аркылуу Аң-Өстөн айылындагы мени окуткан агай-эжекелериме, жердештериме чын жүрөгүмдөн чыккан саламымды айткым келет. Жакшы каалоолорумду айылдагы аксакалдарга, апаларга жана классташтарыма жолдойм. 

Аманчылык каалап, силердин кызыңар Динара Акулова.

Жаңылыктар түрмөгү
0