Валентина Шевченко жеңишке жеткен соң атандаашы Холли Холмго урмат кылуу менен аны кучактады.
Рингде сөз кезегин алган спортчу кыз Шевченко беттешке кызуу даярданганын айтып, машыктыруучусу Павел Федетовго жана эжеси Антонинага ыраазычылык билдирди.
Мындан сырткары ал Перудагы досторуна (Валентина беттешке Перудагы клубдун атынан чыккан) жана Кыргызстандык замандаштарына рахматын айтты.
Сөз акырында мушкер буга чейин жеңилип калган Аманда Нуньезден кайрадан беттешүүгө чакыруу күтүп жатканын билдирди.
UFC турниринин алкагындагы бул кармашуу 23-июлда Чикаго (АКШ, Иллинойс штаты) шаарында өттү. Бишкекте жашагандар аны жекшембинин таңында көрө алышты.