БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен Ош шаарынын Амир-Тимур, Туран кичи райондорун жана Кеңеш айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн аталган аймактарда текшерүү иштери жүргөн.
Иш-чарага Оштун вице-мэри Асылбек Топчубаев жана "Ошгорводоканал" ишканасынын өкүлдөрү катышып, атка минерлер таза суу барчу каналдардын абалы менен таанышты.
Текшерүүнүн соңунда вице-мэр Асылбек Топчубаев Амир-Тимур, Туран кичи райондорун жана Кеңеш айылдарын тез арада ичүүчү суу менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.