БИШКЕК, 22-июл.— Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу кеч бешимде Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.
Анын денесин куткаруучулар болжол менен 2 сааттан кийин тапкан.
"Учар айылынын 35 жаштагы тургуну саат 17:45 чамасында Ак-Буура суусуна агып кеткен. Аны ӨКМдин куткаруучулары саат кечки сегиздер чамасында таап чыгышты",— деп билдирди ӨКМ.
Куткаруучулар анын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.