БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр жана Түштүк магистрал көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч курулушчу кулап түшкөнүн Тез жардам кызматы билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында курулушчулар болжол менен бешинчи кабаттан кулаган. Тез жардам кызматы эки кишинин каза болгонун аныктаган.
"Окуяга күбө болгондор кулап кеткен үчүнчү киши терезени кармап калууга үлгүргөн. 29 жаштагы жаран Улуттук госпиталда. Анын баш мээси чайкалып башынан жаракат алган. Ошондой эле денеси да бир нече жеринен сыйрылган", — деп тез жардам кызматынан маалымдашты.
Каза болгон жарандар 17 жана 18 жашта болгон.