БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында 18-июлда саат 17:00дөн 17:20 га чейин катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен турак жайларды сел каптаган. Бул туурасында ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, сел шаардын ички көчөлөрүн, 31 турак үйдү жана барак тибиндеги 10 тамды каптап кеткен. Бир турак үйдүн ээси, аял киши короосундагы сууларды тазалап жатып эсин жоготуп каза болгон.