БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бүгүн таңда Стамбулга учуп жаткан аба каттамдан чоочун бирөөнүн паспорту менен кетүүгө камданган 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Бишкек – Стамбул багыты аркылуу уча турган жарандардын документин текшерип жатканда "Манас" аэропортунун көзөмөл өткөрүү жайынан 1996-жылы туулган кыз чоочун паспортту көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин кыз Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.