БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Каракчылыкка шектелип кармалган төрт жаран дагы алты факты боюнча күнөөлөрүн моюндашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, 6-июлда Ахунбаев —Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 18-20 жаштагы белгисиз жарандар 19 жаштагы бишкектик баланы тоношкон. Пневматикалык тапанча менен коркутуп, анын 150 сомун алып коюшкан.
Аталган факты боюнча милиция 19-20 жаштагы төрт бала кармаган. Бардыгы борбордо жашай турганы белгилүү болуп, мындан башка дагы алты факты боюнча күнөөлөрүн моюндашкан.