БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы унаа токтотуу жайлардан мыйзамсыз акча чогулткандарга каршы биргеликте күрөшүү үчүн жарандарды да чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек мэриясы шаардагы унаа токтотуу жайларындагы көйгөйдү системалуу чечет. Шаардык кеңешке "Бишкек шаарындагы автоунаа токтотуучу жайлардан чогулткан каражатты жөнгө салуу жөнүндөгү" жобого өзгөртүү киргизүү сунушу берилди. Анда тарифтик саясат да каралат да, документти шаардык кеңеш сентябрда бекитет.
"Сентябрга чейин Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жайдан мыйзамсыз акча чогултууга каршы күрөшүүгө тургундарды жардам берүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / Ася ИбраимоваАвтоунаа токтотуучу жайлар "саан уй" болуп калбайбы?
Автоунаа токтотуучу жайлар "саан уй" болуп калбайбы?
© Фото / Ася Ибраимова