Мындай чечим борбор калаада унаа токтотуучу бирдиктүү жайларды уюштуруу үчүн жасалууда.
Жеңил автоунаалар бир жолу токтогону үчүн 10 сом, жүргүнчү ташыган машиналар 20 жана жүк ташуучу унаалар 50 сом төлөшү мүмкүн.
Ал эми автоунаа токтотуучу жайга бир сутка машинаны калтыруу үчүн жеңил машиналар 50 сом, жүргүнчү ташыган унаалар 70 жана жүк ташыган машиналар 100 сом төлөшү керек болот.