БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында үйүндө мыйзамсыз автомат сактаган жаран кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактагы кызматкерлери ыкчам иликтөө иш чараларын жүргүзүп, 1990-жылы туулган кишинин үйүнөн Калашников үлгүсүндөгү номери өчүрүлгөн автомат жана анын октору табылган.
Укук коргоо органдары Ош шаарынын тургуну мыйзамсыз курал-жарак сактайт деген ыкчам маалымат алышкан.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.