БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 3-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөөрүн Кыргызгидромет билдирди.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, анын ылдамдыгы секундасына 6 метрге чейин жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында күн 33 градуска чейин ысыйт. 30 градустан жогорку ысык аба ырайы Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында да сакталат.
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.