ӨКМ: Боом капчыгайындагы жолду каптаган сел суулары тазаланды

Жазылуу
Жолду тазалоого Кемин районундагы атайын техникалар тартылган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы жол сел суулары агызып келген кум-таштардан толугу менен тазаланганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Катуу жааган жаандан улам сел капчыгайдын 140-чакырымында жүргөн. Анын кесепетинен жолдун эки чакырымын сел каптаган.

Жолду тазалоого Кемин районундагы атайын техникалар тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0