БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Алайда бүгүн, 1-июль күнү болжол менен саат 10:19да жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, анын магнитудасы 3,5ге жетти.
Жер титирөөнүн очогу Нура айылынын түштүгүндө 48 чакырым жеринде орун алган. Жердин силкинүүсү Нура айылында 3 балл сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.