https://sputnik.kg/20160628/1027078943.html
БУУ: оору-сыркоодон 5 жашка чейинки 70 млн. бала көз жумушу мүмкүн
БУУ: оору-сыркоодон 5 жашка чейинки 70 млн. бала көз жумушу мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Мындан тышкары, 15 жыл аралыгында 750 миллион өспүрүм кыз турмушка чыкса, 167 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 28.06.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-06-28T11:40+0600
2016-06-28T11:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102479/25/1024792518_0:317:3060:2048_1920x0_80_0_0_b1407509863380e7d3bfef7dc456cea4.jpg
африка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102479/25/1024792518_0:123:3060:2048_1920x0_80_0_0_3f8a17123221e15b2a5491d1c636ae5b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, коом, жаңылыктар, африка, буу
дүйнөдө, коом, жаңылыктар, африка, буу
БУУ: оору-сыркоодон 5 жашка чейинки 70 млн. бала көз жумушу мүмкүн
11:40 28.06.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мындан тышкары, 15 жыл аралыгында 750 миллион өспүрүм кыз турмушка чыкса, 167 миллион бала жакырчылыкта жашайт.
БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Жакынкы 15 жыл аралыгында 69 миллион бала дарылоого мүмкүн болгон илдеттен дээрлик беш жашка чыкпай көз жумат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин акыркы докладында айтылды.
Авторлор эң көйгөйлүү аймак деп Сахарадан түштүккө карай жайгашкан Африка өлкөлөрүн белгилешкен. Бул районго аталган сандын жарымы туура келет.
БУУнун Балдар фондусунун маалыматы боюнча 2030-жылга чейин 750 миллион кыз турмушка чыкса, 167 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 15 жылдык убакыт жөн жеринен тандалып алынган эмес, дал ушул мезгилге туруктуу өнүгүү боюнча жасала турган иштер белгиленген.
Бүгүнкү күндө аталган аймакта 247 миллион бала жакырчылыкта жашап, өнүгүү үчүн эч кандай шарты жок. Ал эми 20-24 жаштагылардын 60 пайызы төрт класска чейинки гана билимге ээ.
Докладда 1990-жылдардан тарта беш жашка чейин балдардын өлүмү жакырчылыкта жашагандардын өлүмү сыяктуу эле эки эсеге кыскарганы айтылат. 129 өлкөдө балдар менен кыздар бирдей шартта мектепте окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.