БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Студенттер туристтерге Кыргызстанда жол көрсөткөн футболка ойлоп табышканын долбоордун катышуучусу Улукбек Каламбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© Фото / Алена ПечуринаСтуденттер туристтерге Кыргызстанда жол көрсөткөн футболка ойлоп табышты
1/2
© Фото / Алена Печурина
Студенттер туристтерге Кыргызстанда жол көрсөткөн футболка ойлоп табышты
© Фото / Алена ПечуринаФутболканы кийген турист кыргызча же орусча билбесе дагы эмнени каалап жатканын эркин түшүндүрө алат.
2/2
© Фото / Алена Печурина
Футболканы кийген турист кыргызча же орусча билбесе дагы эмнени каалап жатканын эркин түшүндүрө алат.
1/2
© Фото / Алена Печурина
Студенттер туристтерге Кыргызстанда жол көрсөткөн футболка ойлоп табышты
2/2
© Фото / Алена Печурина
Футболканы кийген турист кыргызча же орусча билбесе дагы эмнени каалап жатканын эркин түшүндүрө алат.
Футболканы кийген турист кыргызча же орусча билбесе дагы эмнени каалап жатканын эркин түшүндүрө алат.
Долбоордун катышуучулары швейцариялык ICONSPEAK компаниясынын чыгарган футболкаларынан таасирленишкен. Алардын чыгарган футболкаларын кийген туристтер барган мамлекеттин тилин билбесе дагы жергиликтүү тургундар менен сүйлөшө алат. Себеби, анда тартылган чакан сүрөттөрдү тил билбеген бардык эле киши түшүнөт. Кыргызстандык студенттер автордук укукту бузбаш үчүн Швейцарияга сурам жөнөтүшкөн.
"Бул өтө ыңгайлуу, турист эмнени каалап жатканын футболкада тартылган сүрөттөр аркылуу көрсөтө алат. Кыргызстанда жайкы туристтик маал башталгандыктан бул туристтер үчүн абдан ыңгайлуу болот", — дейт Каламбеков.
Алар жасаган футболкага 20 сүрөт түшүрүлгөн.
"Кийин футболкадагы сүрөттөрдү дагы көбөйтөбүз", — дейт Каламбеков.
Учурда студенттер футболкаларын шаардагы соода борборлорунун биринде сатып жатат.