БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Жерди трансформациялоо үчүн" кыймылынын мүчөлөрү менен "Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси митингге чыкканын кабарчыбыз жеринен билдирди.



Маалыматка ылайык, митингге 50-60дай киши чыккан.
"Жерди трансформациялоо үчүн" кыймылы борбор калаанын чет жакасындагы айрым жаңы конуштардын жер маселесин чечип, трансформациялоо иштерин аягына чыгарууну талап кылышты. Аталган кыймылдын мүчөсү Учкун Сакилов жерди трансформациялоо боюнча маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келгенин айтат.
"Трансформация болбогон жерде жашаган жарандар өздөрүнүн социалдык муктаждыктарын чече албай келет. Балдарын мектепке, бала бакчаларга бере албайт. Себеби туруктуу жашаган жери жок деген документ турат. Кош бойлуу келинди төрөтканаларга кабыл албай койгон учурлар көп. Мындан улам ымыркайлардын өлүмү да көбөйүп жатат", — дейт ал.
Ал эми экинчи митингге чыккан "Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси чет элдик жарандарга Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берген өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну талап кылышты. Аталган кыймылдын жетекчиси Алмазбек Жазыбаев Кыргызстандын жерин чет элдиктерге сатуу менен мамлекетке коркунуч келерин айтат.
"Биз 2013-жылы кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу керектигин айтып митингге чыктык. Ал токтом боюнча чет элдик жарандардын Кыргызстандан кыймылсыз мүлк сатып алууга укук берилген. Бул аракет мамлекеттин жок болуп кетишине коркунуч туудурат", — дейт ал.
Жазыбаев мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жаштарына турак-жай алууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе, чет жакка болгон миграция агымы да азаймак деген пикирин билдирди.
Аталган митингге 50-60дай киши катышты.