БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүн, 23-июнь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлады.
Ага ылайык, төмөнкүлөр БШКнын мүчөсү болуп калышты:
- Гүлнар Журабаева;
- Назарали Арипов;
- Адилет Сатыгулов;
- Акылбек Эшимов;
- Кайрат Осмоналиев;
- Абдыжапар Бекматов;
- Елена Жылкычиева;
- Атыр Абдырахматова;
- Нуржан Шайдылдабекова;
- Бактыяр Кадыров;
- Гүлнар Баатырова;
- Алмаз Асаналиев.
Жаңы мүчөлөргө ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков ийгилик каалап, шайлоолордо калыс жана адилет иштей тургандарына ишеним артты.
Эске сала кетсек, БШКнын 2011-жылы шайланган курамынын мөөнөтү бүткөндүктөн жаңы мүчөлөр шайланды. Мыйзамга ылайык, талапкерлердин үчтөн бирин президент, үчтөн бирин көпчүлүк коалициясы жана дагы үчтөн бирин оппозициялык азчылык көрсөтөт.