Тилекке каршы, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азербайжанда өткөн лицензиялык турнирде жеңишти багынта албай, эл аралык мелдештен четтеп калды.
Акталбаган үмүт
Биз мыкты спортчуларга жакшы шарт түзүп бере албагандыктан, жакшы устаттарыбыз чет өлкөлөргө кетип калгандыктан кыргыз спорту учурда дагы аксап келе жатат. Мунун негизги себеби эле экономикалык абалыбызга байланыштуу. Бир спортчуну оюндарга даярдаш үчүн чоң мамлекеттер бир миллиондон ашык АКШ долларын сарпташат. Коңшулаш Казакстанда, Өзбекстанда бир спортчуга учурда 400-500 миң АКШ долларын коротушат.
Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензия (жолдомо) алыш керек. Жолдомону дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттарда, же болбосо квалификациялык турнирлерде жеңип алыш зарыл. Жакшы спортчуларыбыздын кендирин каражат маселеси кесип келгени да жашыруун эмес.
Экономикадан мурда улуттук дух жетишпейт
Эми Рио олимпиадасына учурда 17 спортчу жолдомо алды. Бул ирет дагы грек-рим, эркин күрөш боюнча гана балбандардан үмүт кылып турабыз. Кыргыз спортундагы улуттук идеологиянын жоктугу, рух дөөлөттөргө маани бербегендик, үрп-адат, салт-санааны эске албагандык да өз кедергисин тийгизип жатат. Спортту өнүктүрүш үчүн улуттук идеология, рухий көрөңгө болуш керек. Анткени биздин спортчулар Атланта, Афина жана Лондон олимпиадалык оюндарында кан-жанын берип жанталашып күрөшкөн жок. Акыркы мүмкүнчүлүктөрүнө чейин аракет кылышпады. Жеңилип калганына деле кайдыгер болуп жүрүшкөнү алар үчүн сабак болбой, шаар кыдырып сейилдеп, көңүл ачып жүргөнүн көрүп капа болгом. Көпчүлүк спортчулар олимпиадалык оюндарга жөн эле "турист" болуп барып келгени, ар-намысты туу тута албаганы мени абдан өкүндүрдү. Жеңилип калышса деле кейишпейт. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү утулуп калса кайгырып, психологиялык жаман акыбалда болуп атканын көрдүм. Биздин жигиттер эртеси эле жайдары болуп, жеңилүүнүн себептерин талдабайт экен. Андан сырткары, айрым машыктыруучулардын деңгээли учур талабына жооп бербегенин байкадым.
Эгемен өлкө болгону 60тан ашуун спорт имараттары жеке менчикке өтүп, ири спорт базаларынан кол жууп калдык. 22 жылдан бери кыргыз өкмөтү спорт имаратын курмак түгүл, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунан жарака кетип, кулап калуу коркунучунда турат.
Учурда кыздардын дүйнөлүк аренада кыргыздарды таанытууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жаштар арасында Азия чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова далилдеп койду. Бирок эркин күрөштө, оор атлетикада, жеңил атлетикада, спорттун башка түрлөрүндө кыргыз кыздарын көрбөйсүң.
Бу туңгуюктан канткенде чыкса болот?
Бизде быйыл жакшы көрсөткүчкө жетишпей калган спортчунун стипендиясын алып же кыскартып салышат, спортчу болсо көңүлү чөгүп кала берет. Аны даярдаганга канча каражат короду? Чынында спортчуларда ар жыл сайын эле ийгилик, жеңиштер боло бербейт да. Ал үчүн көп жылдык мээнет, талбаган машыгуу, бекем сакталган режим керек. Айрым учурда спортчуларга берилген стипендия дагы өзүнүн чеберчилигин жогорулатканга, дагы күчтөп машыгып эл аралык мелдештерге барганга жумшалбай, акча үй-бүлөсүн, тууган-уругун, ата-энесин бакканга кетип калып жатпайбы. Ай сайын 5-10 миң сомдон 35-40 миң сомго чейин стипендия алган спортчуларыбыз бар. Ошол каражат толук кандуу тамактанганга, же болбосо өзүнүн чеберчилигин өстүргөнгө жетмек. А бирок аны үй-бүлөсү же туугандары талап жеп коюп жатканы абдан өкүнүчтүү?! Анан кантип кыргыз спорту өнүгүп өсөт?
Окурман, сиз дагы ой-пикир айтаарсыз?! Эми Рио олимпиадасынан кийин дагы ой бөлүшөбүз деп ишенем.