Бул ирет олимпиадалык оюндарда жылдызы жанып, күмүш жана коло байге алган кыргызстандык спортчулар тууралуу Кабыл Макешов кеп салып берди.
Кыргызстандын алгачкы олимпиадачысы — Сайботтал Мурсалимов
Кыргыз спорту үчүн алгач ирет Олимпиадага чыйыр салган Сайботтал Мурсалимовдун тарыхта орду баалуу. Ал 1930-жылы туулуп, колхоздоштуруу учурунда үй-бүлөсү Россиядан көчүп келген. Ат спорту боюнча СССРге, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу болгон. Ал алгачкы болуп 1960-жылы Рим шаарында өткөн олимпиадалык оюндарга СССРдин курама командасы менен катышып, байгелүү бешинчи орунга жеткен. Олимпиадада 6-орунга чейин байгелүү деп эсептелгендиктен, Сайботталдын алгачкы көрсөткүчү жогору десек болот. Токиодогу Олимпиадалык оюндарга да Мурсалимов эки жолу катышкан. Ал СССР элдеринин II Спартакиадасында баш байгени жеңип, өлкөбүзгө биринчи алтын медалды жеңип келген. 1980-жылкы Москва Олимпиадасынын ат спортунун чемпиону Александр Блиновду тарбиялаган. Алгачкы олимпиадачы Мурсалимов 2014-жылы Москвада каза болгон.
Атланта олимпиадасы менен дүйнөнүн чемпиону Юрий Мельниченко
1972-жылы Жалал-Абад шаарында туулган Юрий Мельниченконун ысымы 1990-жылы эл аралык аренага "дүңк" дей түштү. Ал 1991-жылы Чехословакияда өткөн уландар арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион аталды. Анан Венгрияда, Израилде, Францияда өткөн эл аралык мелдештерде ага теңдеш чыкпады. Улам такшалып, тажрыйба топтоп, дүйнөлүк аренага Кыргызстанды таанытып жүрдү. Юра жаштар арасында дүйнө чемпиону болуп келгенден кийин Кыргыз спорт, туризм комитети ага шарт түзүп, камкордукка албай, сыртын салып койгондон кийин казактын көк туусун көтөрүүгө аргасыз болот. Таланттуу жигитке бардык шартты түзүп, камкордук көргөн дүйнөнүн төрт жолку жеңүүчүсү, казактын даңазалуу балбаны Даулет Турлуханов болду. Ошентип кыргыз спортунан өсүп-өнүп жетилген Юрий Мельниченконун жеңиштери коңшулаш Казакстанга арналды. Алардын көк асабасын далай көтөрүп, эки ирет дүйнө чемпиону, Атланта олимпиадасынын, ХII Азия оюндарынын жана Азиянын беш жолку чемпиону болду. Юрий Мельниченко — азыр Алматыда жашап, иштеп жүрөт.
Монреаль олимпиадасынын коло медалын тагынган Александр Абушахметов
1954-жылы Бишкекте туулган Александр Абушахметов кыргыз спортунан таалим, тарбия алып, чоң спортко кадам таштаган. Фехтование өнөрүнүн шпага түрү боюнча ал жеткен бийиктикке азырынча эч ким жете элек. 16 жашында СССРдин чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси болгон. 19 жашында Канадада дүйнөнүн Кубогун жеңип, адистердин көңүлүн бурат. 1977-жылы Таллинде өткөрүлгөн СССРдин чемпионатында да баш байгеге арзып, алтын медаль тагынган. Абушахметов 1976-жылы Монреаль Олимпиадасына катышып, 1980-жылы Москва олимпиадасында өнөр көрсөтүп, коло медалдын ээси болгон. Ал "Алтын шпага" ордени менен сыйланган. Москва шаарында ЦСКА клубунда машыктыруучу болуп иштеп жүрүп, 1994-жылы каза болгон.
Олимпиадалык оюндардын коло медаль ээси — жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров
1980-жылы Москва Олимпиадасында 42 чакырымдык жарышка 43 өлкөнүн жөө күлүгү күч сынашкан. Марафондун 35 чакырымында эле кимдин ким экени, чеберчилиги аныкталып калат. Алдыга жутунган менен СССРдин чемпиону Котов артта калып, мексикалык Гомес алдыга чыкты. Сатымкул алдыңкы топтон калбай бараткан. Монреалдагы олимпиада чемпиону немец Вальдемар Цирпински да алдыга озду. Голландиялык күлүк Нейбург да Сатымкулдан калбай келатты. Сатымкул Европа чемпиону Мосевди сүрөөнгө алып, аны марага кое берүүгө сүрөөнчү жана демөөрчү болуп келаткан. Ал учурда тапшырма да, тактика да ошондой болчу. Леонид да өжөрлөнүп, ич күйдүлүк менен Сатымкулду алдыга кое бербей, алаксытып, убактысын алып койду. Өнөгүн таштап, алдыга кете бербей кылчактап калган эле Сатымкул. Леониддин шайын, чамасын билгенде, Сатымкул салбайт беле кызыкты… Кеч болсо да марага үчүнчү келип, СССРдин, КМШнын тарыхында олимпиадалык коло медаль алган биринчи марафончу болуп калды. Маркум Сатымкул Талас аймагынын Көк-Дөбө айылынын кулуну эле. Эл аралык мелдештерде байге алган. Сөзгө да чечен, төгүп, жамактап ырдап жибермей адаты да бар эле. Жуманазаров СССР элдеринин VII Спартакиадасында коло медалга ээ болуу менен тагдырын биротоло марафондук жарышка арнады. 1977-жылы Прагада өткөн Европанын биринчилигинде Сатымкул күмүш медаль тагынды. Союз ыдыраганы жумушсуз болуп калат. 1990-жылдары Ысык-Көлдө Кажы-Сайда спорттук база түзүлүп, ошого директор болуп дайындалат. Бул базаны союздук, дүйнөлүк деңгээлде куруу тилеги ишке ашпай калды. Даңазалуу жөө күлүк 2007-жылы каза болду. Ар жыл сайын анын урматына Жеңил атлетика федерациясы эл аралык турнир өткөрүп жүрөт.
Эгемен Кыргызстанга алгачкы коло медаль алып келген Айдың Смагулов
Кыргызстан эгемен өлкө болгону олимпиадалык алгачкы медаль утуп, байге эсебин ачкан дзюдо чебери Айдың Смагулов 1976-жылы 1-декабрда Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында туулган. Ал Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Кыргызстандын чемпиону, «А» тобундагы мыкты балбан¬дардын сабын¬да Эл аралык мел¬дештерде, Азия чемпионатта¬рында бай¬гелүү орундарды ээле¬ген. 1999-жылы Кыргызстандын атуулдугун алып, кыргыз туусун көтөргөн. 2000-жылы Жапониянын Осако шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль утуп, Сидней олимпиадасына жолдомо алган. 2000-жылы Сид¬нейдеги Олимпиадага катышып, 60 килограмм салмакта эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы коло медалды утуп берген. 2001-жылы кайра Казакстанга барып, бирок ийгиликтерге жете албады. Учурда Казакстанда жашап, олимпиадалык даярдоо борборунда машыктыруучу болуп иштейт.
Пекин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев
Азия чемпиону, кыргызстандык балбан Канатбек Бегалиев төрт атаандашын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкер болгон. Өз салмагынын алтын байгеси үчүн Бегалиев франциялык балбан Гуено Стив менен беттешип, биринчи бөлүктө чучукулак атаандашына түшүп, бир упай менен алдырып койду. Экинчи бөлүктө калыстар атайын чучукулакты французга түшүрүп, артыкчылыкты ага оодарып коюшкан. Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канатбек 1984-жылы Таластагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршекеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Майрамбек Ахметов. 2001-жылы уландар арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. 2004-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. 2004-жылы Афина олимпиадасында намыс талашып дүйнөдөгү эң атактуу балбандарга каршы туруп, 8-орунга жеткен. 2006-жылы Кытайда Кыргызстанга дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утуп берген Канатбек Бегалиев Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байгенин дагы ээси болгон. 2006-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында намысты сактап, алтын байгеге татыган. Эгемен болгону олимпиадалык алгачкы күмүш медаль утуп келген Канатбек 2012-жылдан бери Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча тандалма команданын башкы устаты болуп иштеп, тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп келе жатат.
Пекин олимпиадасынын коло байге ээси — Руслан Түмөнбаев
Кыргыз спортчуларынын арасында эң жаш, жыйырма эки жаш курагында дүйнөнү багындырып, Азиянын чемпиону аталып, Бээжин олимпиадасында коло медалга ээ болгон чыгаан балбан Руслан Түмөнбаевди КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. 2006-жылы Дохадагы 15-Азия оюндарында коло байге, 2007-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында коло медаль тагынган. 2008-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында Азия чемпиону аталган, 2008-жылы Пекин олимпиадасында коло медалдын ээси болгон. 2014-жылдан бери Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп келүүдө. Устаттары — эмгек сиңирген машыктыруучулар Амиркул Молдобаев менен Эмил Алыкулов.
Быйылкы Рио олимпиадасы — чоң сыноо
Рио-де- Жанейро Олимпиадасы 2016-жылдын 5-21-август күндөрү спорттун 29 түрү боюнча өткөрүлөт. Олимпиадалык таймашууларга 205 өлкөдөн тандалган 12 миңден ашуун спортчу катышып, мөрөй талашып, байгелүү орундар үчүн күч сынашат. Жеңүүчүлөргө 306 комплект медалдар ыйгарылат.
Мындан мурда Рио де Жанейро шаары 1936, 1940, 2004- жана 2012-жылдары жайкы олимпидалык оюндарды өткөрүүгө талапкер болуп, мындай укукка ээ болгон эмес. Эми минтип 2016-жылкы Олимпиада эстафетасын Түштүк Америкадагы өлкөлөрдөн Бразилия алгач ирет кабыл алууга кызуу даярдык көрүп жатат. Анда эмес, олимпиадалык сапарыбыз байсалдуу болсун дейли!