Биздин каарман Талас облусунун Манас районуна караштуу мурдагы Пушкин, азыркы Чоң-Капка айлында жарык дүйнөгө келген.
Бул рубрика мага кадимки эле катты эске салды. Азыр коомдо технологиянын өнүгүшү, интернеттин биздин күнүмдүк жашообузга тереңдеп кириши менен каттын, кат жазуунун ыйык сезими, ыйык мааниси жоголуп кетти окшойт. Ошентип бүгүнкү күндө кат жазууну ойлонбой деле калыптырбыз. Муну жоготуу десек да болот. Илгери катка болгон сагынычыңды, балалык баёо сезимдерде козголгон үмүт-тилектерди, кыялдарды жазчу элек.
Азыр кат, айыл десе, ошол кыялдардын орундалышына себепкер болгон, тарбиялап өстүрүп, туура жолго баштаган абалар, аталар, мугалимдер, коңшулар, чогуу өскөн достор кайрадан эске түштү.
Айыл деген чоң дүйнө, жайылган тамыр. Адам бир нерсени жасап жатканда, же бир жоопкерчиликтүү учурду сезгенде биринчи кезекте айылды эстейт болуш керек. Айыл-ападагылар бул иштериме эмне дейт деген ой кетет. Айыл инсандын ой жүгүртүүсүнө жана кыла турган жакшы иштерине өбөлгө түзө турган философиялык, психологиялык жактан бизди курчап турган чоң аура. Сезе билгендерге мунун ичинде абдан чоң нерсе жатат.
Айылдан киши келиптир. Досторум менен отуруп канчалык маанилүү болбосун бир иштерди талкуулап жатканда "Айылдан киши келиптир" десе дароо токтойт. Пландалган иштер кийинкиге жылыш керектигин айттырбай түшүнөбүз. Ушул үч сөз баарынан маанилүү, баарынан кымбат жана жоопкерчиликтүү.
Желим бөтөлкөлөр. Анан да мага учурда биз кеңири колдонуп келген желим бөтөлкөлөр эмнегедир балалыгымды эстетет. Азыр Кока-Кола же дагы башка суусундуктар куюлган пластикалык бөтөлкө бошоп калгандан кийин ыргытканга кыйбайм. Эмнегедир эле керектүүдөй, кымбат буюмдай сезиле берет. Бала кезде тамеки чапканда жарманы шампандын же башка дагы айнек бөтөлкөлөргө куюп, анын оозун гезит же дагы башкалар менен бурап тыгындачубуз. Анысы ачылып-чачылып, төгүлүп, кийимдерибиз жарма жыттанып, булганган учурлар жадымда. Атаңгөрү, ошол учурларда ыңгайлуу ушул буюмдар болгондо эмне деп коём. Бул да балалыктын издери экен да…
"Курманжан Датканы" көрбөй калган агайым. Балалыкты, айылды эстегенде албетте, мектеп, мугалимдерим алардан бөлүп карай албай турган бир өңүтү. Бул катты жазып жатканда, ошол кезде Пушкин атындагы орто мектептин директору Дубан Жунусов агайымдын элеси көз алдыга тартылды. Баамдасам, ал кызматында азыркы менин курагымдагы учурунда иштеген окшойт… Анда 4-класста окуйт элем, "Манас" айтчумун. Мектептеги иш-чаралардын биринде, себебин эстей албайм, "Манас" айтпайм деп кежирленип чыктым. Баары чогулса да, мен барбай койдум. Биз окуган класстык бөлмөлөр четкерээк болгондуктан, "Камчатка" деп коюшар эле. Агайым класска келиптир. "Садык, сен даярданып жүрөсүң да, айт эми" деди. Мен "айтпайм" деп бурк эттим. Линейка боло турган залга жөнөдүк. Арыктарды аттап-буттап кетип бара жатабыз, жолдо катар агай мени көндүрүп барды. Көшөрүп болбой койдум. Анан акыры, мейлиң, анда каалабасаң деп тим койду күчтөбөй. Азыр ойлоп көрсөм, ал адамдын бийиктиги экен. 4-класстагы окуучуга 10 мүнөттөй убактысын коротуп, жылуу-жумшак мамиле менен суранып, өтүнүп… 10 жаштагы баланын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, анын деңгээлине түшүп сүйлөшүп, кежирленсе да окуучунун айткандарын угуптур. Бул педагогдун чеберчилиги, мугалимдик кесибине берилгендигинин туу чокусу деп баа берем азыр.
Дубан агайды көп эстейм. Ал "сенден чыгармачыл киши, жазуучу чыгат, чыгармачылыгыңды таштабашың керек" деп көп айтчу. А мен чыгармачылыкка кеч кириштим да, анда агайым өтүп кеткен. Бизнес менен алектенип, кийин саясатка аралашып — Акыйкатчынын орун басары болуп жүргөндө айылга барып калып агайымды көргөндө өзүмдү күнөөлүү сезе берчүмүн. Көрсө, ал адам мага абдан жакын болуптур да… Азыр анын "Курманжан Датканы" көрбөй калгандыгына кейийм. "Мен тарткан кинону көрсө жакшы болмок" деген ой келе берет…
Кайран эжекелерим… Мугалимдер демекчи, биз төртүнчүнү окуп жатканда Саадакан, Күлүйпа, Сагын деген жаш, жаркылдаган эжекелер мугалим болуп келди. Алардын ичинен Сагын эже бизге класс жетекчи болуп, калгандары берки төртүнчүлөрдү алды. 3-4 жыл аралыгында ошол эжекелер ишке, балдарга, мектепке болгон күч-кубатын, өмүрүн берип, сабактан да, коомдук, уюштуруучулук жагынан да жалындап эмгектеништи. Алар өз ара атаандашкандай маанайда жанын сабап иштегени бизге, балдарга да өттү окшойт. Биз да сезгендей, теңтайлаша, жарышып окудук. Бизден башка канча балдарды тарбиялашты. Ошентип жүрүп, алар өздөрүнүн жеке турмушунда жай ала албай калышты. Айылда артынан элдин ээрчиген сөзүнөн айбыгып, ойдогудай түгөйлөрүн таппай, бирок, ылайыктуу болбосо да күйөөгө чыгууга мажбур болушту. Кайран эжекелерим, ошондо кыйналды го деп ойлойм… Ошол жаркылдаган эжекелеримди эстегенде менин балалык сезимдерим козголо түшөт. Элдин сөзү деп сонун адамдар курмандыкка чалынып кеткендей сезиле берет. Тагдырларды эстейм, балдарга берген өмүрүн эстейм. Сиздерге да таазим этем, менин эжекелерим.
Жакында мен сезген керемет ирмемдер болду. Айылда атабыздын эски тамын бузуп, үч бир тууган – Болот байкем, мен жана Баткен иним болуп чакан үйдөн салып алганбыз. Короонун ортосуна боз үй тигилип турат. Өткөндө айылга барганбыз. Мөндүр жаап калды. Мындай учурда таалаанын да, башканын да иши токтойт эмеспи. Төрт сааттай эч ким эч жакка шашпай кужулдашып, сүйлөшүп отурдук. Ошондо бир кереметти байкадым. Туугандар менен баарлашып отурабыз, самоордо чай кайнап, кемегеде казан асылып, бейпил бир сонун ирмемдер. Анан баягы бала кезди эске салып, ким кандай окуяга туш болгонун күлкү аралаш эстеп отурдук. Бул айылдын духу. Бул чоң бакыт.