БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Ак илбристин тукуму" кинотасмасында Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын образын жараткан Гүлнара Кадралиева 5-кабаттан кулап каза болгон. Бул маалыматты Бишкек ШИИБ тастыктады.
Эскерте кетсек, Кадралиева кечээ, 14-июнь күнү 55 жаш курагында көз жумганы айтылган.
"Актриса 5-кабаттагы үйүнүн балконунан ылдыйкы кабатка шейшептерди бири-бирине байлаштырып түшүп баратканда буту тайып жерге кулап түшкөн. Кырсык 12-июнда болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип, Кадралиеваны ооруканага алып кеткен. Ал эки күндөн кийин көз жумган", — деди ШИИБ маалымат катчысы Олжобай Казабаев.
Эң эле белгилүү образы — Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасындагы Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын ролу. Мындан тышкары, бир катар тасмага тартылып, спектаклдерде ойногон.