БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы көл жээгине орнотула турган узундугу 10 метр болгон статуянын сүрөтүн жиберди.
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл жээгине орнотула турган узундугу 10 метр болгон статуянын сүрөтү
Ысык-Көл жээгине орнотула турган узундугу 10 метр болгон статуянын сүрөтү
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
Буга чейин өкүлчүлүктүн жетекчиси Асхат Акибаев Түштүк Кореянын КРдеги элчилиги менен аталган аймактан келген компания өкүлдөрү менен жолуккан. Алар Greetingman — меймандостук, тынчтык жана ынтымактын 10 метрлик белгисин орнотууга ниеттенгенин айтышкан.
"Кореялыктар биздин менталитетти эске алышты. Эстеликтеги эркек кишинин уяттуу жерлери көрсөтүлбөйт. Greetingman дүйнөнүн 15 өлкөсүндө орнотулгандай жылаңачтанып турбайт",— деп айтышты өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.
Анын узундугу 10 метрге жетет, азырынча аны кайсыл жерге орнотуу так чечиле элек.