БИШКЕК, 7-июн. – Sputnik. Испаниянын атуулдук гвардиясы баңги заты менен келе жаткан Тез жардам автоунаасын кармаган. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашкан.
Гвардиячылар кызматтык иттер менен текшере келгенде автоунаадагы экинчи текченин алдына кабатталган материалдардын алдына катылган баңги зат табылган.
Текшерүү операциясы Мадриддеги автономиялык жамааттын фермасынын аймагында болгон. Анын натыйжасында испаниялык эмес, марокколук жана доминикандык ташуучулар кармалган.