БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкекте Эл аралык айыл чарба фондунун (ЭААФ) өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу КРдин Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өкүлчүлүк айыл-чарбаларга бөлүнгөн долбоорлор менен иш алып барат.
ЭААФ тарабынан Кыргызстанда 52 миллион долларлык эки долбоор ишке ашырылууда. Буга чейин дагы бир долбоорго 9 миллион доллар бөлүнгөн.
ЭААФ — БУУ тарабынан 1977-жылы негизделген. Элеттеги жакырчылыкты жоюу боюнча иш алып барат.