БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 29-майда саат 21.59да болгон. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынын түштүк-батышында 7 чакырым аралыкта орун алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.