БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары бир жарым саат май куюучу бекетте иштешет. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди.
Федерациянын компаниялардын бири менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан акциясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулууда.
Футболчулар Азамат Байматов, Виталий Люкс, Тамирлан Козубаев, Фархат Мусабеков жана Эдгар Бернхардт 31-май күнү саат 13:00дөн 14:30га чейин Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан май куюучу бекетти тейлешет.
Мындан сырткары, акциянын алкагында ар кыл конкурстар уюштурулуп, 15 футбол тобу ойнотулат.
Иш-чарадан түшкөн каражат ак кан илдетинен жабыркагандарга эмерек сатып берүүгө жумшалат.