Кыргызстандын курама командасы өлкөнүн учурдагы чемпиону менен ойнойт

© Фото / пресс-служба ФФКРФутбол боюнча КР курама командасы. Архив
Футбол боюнча КР курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын курама командасы менен жолдоштук беттеш алдында КРдин курама командасы оштун "Алай" командасы менен беттешет.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ирандын курама командасы менен боло турчу жолдоштук беттештин алдында Кыргызстандын курама командасы өлкө чемпиону оштун "Алай" командасы менен 2-июнда ойнойт. Бул тууралуу КР Футбол федерациясы билдирди.

7-июнда КРдин курама командасы Азиянын эң күчтүү командасы саналган Ирандын курамасы менен жолдоштук оюн өткөрөт, ал Тегеран шаарында өтөт.

Учурда Кыргызстандын курама командасы машыгууларын өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0