БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Иш-чара 31-майда Бишкекте башталып 3-июнга чейин Ысык-Көлдө созулат. Анын жүрүшүндө Кувейт элинин маданият, тарыхын, жашоо тиричилигин, ошондой эле кыргыз-кувейт мамилелерин чагылдырган көргөзмөлөр, жолугушуулар уюштурулмакчы.
2-июнда Кувейттин расмий делегациясы Ысык-Көл облусуна барып, Көчмөндөр оюндары өтө турган "Кырчын" жайлоосунда болот. Ал жерден меймандарга "Бүркүт салуу, "Тайган жарыш", "Жаа атуу" жана башка улуттук оюндар көрсөтүлөт.
Маданият күндөрү ири программадагы гала-концерт менен аяктайт.