БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаарында төртүнчү эл аралык "Айыл-Агро 2016" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 25-май күнү саат 10:00дө эски аянтта болот. Ага биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин катышуусу күтүлүүдө.
Көргөзмөгө айыл-чарба продукциялары коюлат.