БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө газ берүү эки күнгө токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Ага ылайык, 26-27-май күндөрү Бишкек шаарынын Исанов, Пржевальск, Тоголок Молдо, Баялинов көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.
Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулууда.