00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новое здание и ДНК-тесты: как Кабмин решил реанимировать службу судмедэкспертизы
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ак илбирс – жаратылыштын мурасы: Чоң-Кеминде өтө турган ЭкоФесттин экологиялык мааниси
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Миграция и вера: как религиозный фактор влияет на стабильность внутри ЕАЭС
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батирлер кайра кымбаттайбы — Кыймылсыз мүлк рыногундагы абалга саресеп
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Инновациялык долбоорлор аркылуу жаштардын потенциалын ачуу
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ысык булактар бизнеси: туризмдин бул жааты мамлекеттик боло алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инновациялык долбоорлор аркылуу жаштардын потенциалын ачуу
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызыл-Кыяда акча алмаштыруучу жайдын ээси 32 миң долларын алдатып жиберди

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шылуундар ишенимге кирүү үчүн бир нече ирет акча алмаштыруучу жайга келип, аз суммадагы долларларды алмаштырып кетип турушкан.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы "Айбек" базарында жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын ээси Эркин Разаков чет элдик жарандарга кантип алданганын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. 

Анын айтымында, чет элдик жарандар 27 жаштагы баласын 32 миң долларын алдап алып, сызга отургузуп кетишкен. 

"Эки чет элдик жаран биздин акча алмаштыруучу жайга келип, сомду долларга алмаштырмак болушат. Алар куулукка салып баламдан биринчи 32 миң долларды алып санамыш болушат дагы, өздөрү алдын ала 400 доллардын ичине бир долларлыктарды толтуруп даярдап келген акчага алмаштырып коюшат", — деди Разаков.

Анын айтымында, алдамчылар долларды "алмаштырган" соң сумкага салып "акча бул жерде туруп турсун, биз азыр 10 мүнөттөн кийин сом алып келебиз" деп кетип калышкан. 

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддан бир топ кишини сызга отургузуп кеткен аял Бишкектен кармалды
"Балам 10 мүнөттөн кийин чалса "азыр 5 мүнөттөн кийин келебиз дешиптир". Уулум 32 миң доллар сумкада турат деген ойдо кам санабай отура берген. Бир маалда кайра телефон чалса өчүк болуп чыккан. Анан баягы сумкадан акчаны алып чыкса эле 32 миңдин ордуна 400 доллар, анын ортолорунда 323 бир долларлыктар турганын көргөндө алданганын билет", — деп билдирет Разаков. 

Анын айтымында, окуя 13-майда болгон. Бирок ушул күнгө чейин кылмышкерлердин өздүгү тууралуу бир дагы маалымат тактала элек. 

Ал эми окуяны тергөөгө алган Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Абдисалам Нурматов ыкчам-изилдөө иштери жүрүп жатканын билдирди. 

"Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Алар кайсы улуттун өкүлдөрү экени белгисиз болууда", — дейт Нурматов. 

Анын айтымында, мындай алдамчылар Таласта дагы байкалган.

Эшиктин кулпусун бузуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үй уурулугу менен жан баккан топ кармалды
"Талас облусунда дал ушундай ыкма менен алдоого аракет жасагандар болуптур. Бирок акча алмаштыруучу жайдын ээси "биринчи акчаны алып келгиле анан сүйлөшөбүз" деп койсо, ошону менен келбей жоголуп кетишиптир. Биз ошол эле адамдар болсо керек деп шектенип жатабыз", — деди Нурматов.

Тергөөчү учурда алдамчылар тууралуу бардык чек ара өткөрмө пункттарына маалымат берилип, кирип-чыккан чет элдик жарандардын тизмеси иликтөөгө алынганын айтты. 

Мындан тышкары, тергөөчү алдамчылар атайын жаш бала отурган акча алмаштыруучу жайга киришкенин белгиледи.

"Тергөө учурунда башка акча алмаштыруучу жайдын ээлери аларга эч кандай чет элдик жарандар кирбегенин айтышты", — деди тергөөчү.

Нурматов жаш баланын ишенимине кирүү үчүн шылуундар буга чейин бир нече ирет ага келип аз суммадагы долларды алмаштырып кетип турушканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0