Бишкек жана Ош шаарларынын айрым көчөлөрүндө эки күн газ жок болот

Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларынын айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулары тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. 

Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат
Маалыматка ылайык, 24-25-май күндөрү Бишкек шаарынын Панфилов, Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдө газ жок болот.

Ал эми 23-май күнү Ош шаарынын Достук, Туран кичи райондорунда 13:00дөн 16:00гө чейин, 24-май күнү Ош шаарынын Жумабаев, Имом-Ата, Маданият, Калинин көчөлөрүндө саат 10:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт. 

Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0