БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгууларын беш күнгө кеч баштай турганын КРдин Футбол федерациясы билдирди.
Алгач машыгуулар 23-майга белгиленген. Бирок Өзбекстандын футбол федерациясы 2-июнга белгиленген беттешүүдөн эч себепсиз баш тарткан. Машыгуулардын мөөнөтү ушундан улам жылган.
Пландаштырылган оюн алкагында башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюнчуларды 23-майга чакырган. Эми машыгуулар 28-майда баштала турган болду.
Өзбекстанга чейин Ливан да президенттик шайлоодон улам кыргызстандык футболчулар менен ойноодон баш тарткан.